| Идентификациялык код | 123-123-12419 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Талас |
| Район/шаар | Талас району |
| Айыл | Беш-Таш айыл аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Алгачкы темир доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 53,4 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Көрүстөндүн алдын ала коргоо зонасы 53,4 гектарды түзөт жана эң четки кургандардан 80–100 метр радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин көрүстөндүн коргоо зонасында ар кандай жер казуу иштерине тыюу салынат. |
| Техникалык абалы | Мазар жайыт жеринде жайгашкан. Айрым кургандарда байыркы замандарда жүргүзүлгөн талап-тоноо казууларынан калган издер бар. Бир нече кургандар азыркы мезгилде эле казылып чыккан. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Жарке I көрүстөнү болжол менен 110 кургандан жана 2 конуштан турат. Алардын жайгашуусунда жалпы жана так система байкалбайт. Бирок көрүстөндө меридионалдык багытта жайгашкан бир нече кургандар чынжырлары айырмаланат. Калган учурларда кургандар жетишерлик иретсиз, бирок тыгыз жайгашкан. Кургандардын насыбы таш-топурактан турат, планда тегерекче формада болуп, диаметри 1 метрден 17 метрге чейин жетет. Ири кургандар кесилишинде жапыз-жарым шар сымал формада, калгандары — жалпак. Айрым насыбдардын түбүндө бир катар таштардан тизилген шакекче бар. Насыбдардын көпчүлүгүнүн борбордук бөлүгүндө ойдуң жана воронка сымал чуңкурлар байкалат — булар байыркы замандарда жүргүзүлгөн талап-тоноо казууларынан калган издер. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |