Кызыл-Мойнок мазары

Идентификациялык код 123-123-12427
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Талас
Район/шаар Талас району
Айыл Беш-Таш айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 80 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Мазар жайы 5 шарттуу курган тобуна бөлүнөт, алар бири-биринен айрым аралыкта орун алган. Ар бир топтун айланасында алдын ала коргоо аймагы чектелген. Анын жалпы аянты 80 га түзөт жана акыркы кургандардан 80–100 м радиуста жайгашкан аймакты камтыйт. Коргоо аймагынын долбоору иштелип чыгып бекитилгенге чейин мазар жайында эч кандай жер иштери жүргүзүүгө тыюу салынат.
Техникалык абалы Мазар жайыт жеринде жайгашкан. Айрым кургандарда байыркы убакта жасалган ууручулук казуулардын издери бар. Мазар жайдын чыгыш бөлүгүндөгү кургандар тобу жакында толугу менен казылган.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Кызыл-Мойнок мазар жайы болжол менен 90 кургандан жана 7 жашоо жайынан турат. Алардын жайгашуусунда жалпы жана так система жок. Планиграфиялык жактан мазар жай бир нече өзүнчө топторго жана жалгыз кургандарга бөлүнөт, алардын көпчүлүгү меридиан багытталган тизмелерди түзөт. Калган учурларда кургандар салыштырмалуу системасыз жайгашкан. Кургандардын дөңгөлөктүү түрүндөгү дөңдөрү таш-жерден курулган, диаметри 1 мден 14 мге чейин. Дөңгөлөктөрдүн дээрлик баары тик эмес, тегерекке жакын формалуу. Айрым дөңгөлөрдүн негизинде бир катар таштан курулган шакекче бар.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес