| Идентификациялык код | 123-123-12431 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Талас |
| Район/шаар | Талас району |
| Айыл | Кен-Кол айыл аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Алгачкы темир доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 97,9 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Комплекс бири-биринен олуттуу аралыкта жайгашкан үч шарттуу объекттер тобунан турат. Ар бир топтун айланасында алдын ала коргоо зонасы белгиленген. Коргоо зоналарынын жалпы аянты 97,9 гектарды түзүп, крайкы объекттерден 80–100 метр радиустагы аймакты камтыйт.Курган жана конуштарды коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып бекитилгенге чейин же алар «жок кылууга» чейин толук изилденип бүткөнгө чейин, комплекстин коргоо зонасында кандай болбосун жер казуу иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. |
| Техникалык абалы | Комплекс жайыт жерлеринде жайгашкан. Айрым кургандарда байыркы замандарда жүргүзүлгөн талап-тоноо казууларынын издери байкалат. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Батам-Чал археологиялык комплекси ар кыл доорлорго таандык кургандардан жана конуштардан турат. Комплекстин бүткүл аймагына чачырап жайгашкан болжол менен 120дай курган катталган. Алардын көпчүлүгү түндүк–түштүк багыты боюнча созулган чынжыр сымал тизилмелерди түзөт. Кургандардын үймөлөрү таш-топурактан жана топурактан туруп, планда тегерекче формада болуп, диаметри 1 метрден 29 метрге чейин жетет. Диаметри 4–5 метрден 29 метрге чейинки, чынжыр сымал тизилген кургандар эрте темир дооруна таандык. Өлчөмү кичирээк болгон, чынжырлардын айланасында же алардан белгилүү аралыкта топтолгон үймөлөр орто кылымдар дооруна таандык болушу мүмкүн. Диаметри 1,5–2 метрге чейинки чакан үймөлөр, сыягы, этнографиялык заманбап доорго таандык көмүү курулмалары болуп эсептелет. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |